ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

Табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар
факультетинин тарыхы

Кыргыз-Өзбек университетинин базасында 1998-жылы өзбек тилдүү
мектептерге мугалимдерди даярдоо үчүн Өзбек-педагогика факультети
түзүлгөн (буйрук № 22, 05.09.1998-ж).
1999-жылы университеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен
табигый-педагогикалык жана гуманитардык педагогикалык факультеттерине
бөлүнгөн.
2001-жылы университеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечими
табигый-педагогикалык факультети дагы экиге: табигый-математикалык
жана музыка-педагогикалык факультеттери деп бөлүнгөн.
2005-жылдын январь айындагы университеттин Окумуштуулар
Кеңешинин чечими менен табигый-математикалык факультети дагы экиге:
физика-математика жана табигый-географиялык факультеттерине бөлүнгөн.
2013-жылдын август айындагы Окумуштуулар Кеңешинин чечими
менен жогорудагы эки факультет бириктирилип, кайрадан табигыйпедагогикалык факультети түзүлгөн жана декандын милдети аткаруу х.и.к.
Б.О. Мурзабаевге жүктөлгөн.
2013-жылдын 11-октябрында табигый-педагогикалык факультетинин
деканы кызматына конкурс жарыяланып, профессордук-окутуучулар
курамынын көпчүлүк добуш менен ф.-м.и.к., доцент Зулпукаров Алтынбек
Зулпукарович декандык кызматка шайланган.
2014-жылдын 5-сентябрында табигый-педагогикалык факультетинин
деканы ф.-м.и.к., доцент З. А. Зулпукаров окуу департаментинин директору
кызматына которулгандыктан, факультеттин декандык кызмат ордуна
конкурс жарыяланып, шайлоодо профессордук-окутуучулар курамынын
көпчүлүк добушу менен п.и.к., доцент Узакбаев Ибрагим Советович
декандык кызматка шайланган.
2020-жылдын 26-октябрь күнү университеттин Окумуштуулар
Кеңешинин №2 протоколунун (буйрук №78, 26.10.2020) чечими менен
табигый-педагогикалык факультети кайрадан экиге бөлүндү:
 Табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети
(ТПМТФ);
 Гуманитардык-педагогикалык факультети (ГПФ).
Ал эми ректордун буйругу менен табигый-педагогика жана маалыматтык
технологиялар факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп, ф.-
м.и.к., доцент Жээнтаева Жумагүл Кенешовна дайындалды;
2020-жылдын 9-декабрында табигый-педагогика жана маалыматтык
технологиялар факультетинин деканы кызмат ордуна шайлоо болуп,
факультеттин профессордук-окутуучулар курамы бир добуштан ф.-м.и.к.,
доцент Жээнтаева Жумагүл Кенешовнаны декандык кызматка шайлашты.
Шайлоонун жыйынтыгынын негизинде КӨУнун ректорунун 2020-
жылдын 10-декабрындагы №99-НИ буйругу менен Ж.К.Жээнтаева
ТПМТФнын деканы болуп иштеп келүүдө.