Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Табигый- педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетиндеги табигый илимий билим берүү багытында окуп жаткан студенттер окутуучулар менен биргеликте Кара-Кулжа районунда жайгашкан Кулун-Ата мамлекеттик коругунун музейине экскурсияга барып келишти. Музейде студенттер корукта кездешкен 60тан ашуун жаныбарлардын түрлөрү, 500дөн ашуун өсүмдүктөр менен таанышып, теориялык алган билимдерин практика түрүндө бекемдешти. Музей кызматкерлери биздин студенттерди жакшы маанайда тосуп алышып, музейдин тарыхы, аткарылып жаткан жумуштары жана келечектеги пландары жөнүндө айтып берип, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Коруктун негиздөөчүсү Боромбаев Асан агайга жана музейдин кызматкерлерине  терең ыраазылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалайбыз.