ТАРЫХЫ

Кафедранын кыскача тарыхы

Кыргыз-Өзбек университинин ректорунун 05.09.1998-жылдагы №22/Д буйругунун негизинде өзбек мектептерге адистерди даярдоо жана кадрдык дефицитти жоюу максатында «Өзбек-педагогикалык факультети» ачылган.

Студенттердин санынын динамикасынын ѳсүүсүнүн негизинде 1999-жылы К-ӨУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен бул факультет «Табигый-педагогикалык» жана «Тарых-филологиялык факультет» болуп бөлүнгөн. Ошол жылдын өзүндө эле өз алдынча «Жогорку математика» жана «Физика жана астрономия» кафедралары өзүнүн ишмердүүлүктөрүн башташкан. «Жогорку математика» кафедарсынын башчысы болуп ф.-м.и.к., доценти Тураев Н. 2007-жылга чейин жетектеп келген. Андан кийин «Жогорку математика» кафедрасынын башчысы болуп ф.-.м.и.д., профессор К.Алымкулов жетектей баштады. «Физика жана астрономия» кафедрасын башчысы болуп болсо п.и.к., доцент Ш.А.Ташходжаев дайындалган. Ш.А.Ташхождаев факультеттин деканы ордун ээлегендин кийин 2010-жылга чейин «Физика жана астрономия» кафедрасынын башчысы болуп т.и.к., доцент Т.Дж. Джаныбеков дайындалган.

К-ӨУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2010-жылы жогоруда аталган эки кафедра бириктилип «Математика, физика жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталып, ал кафедраны ушул күнгѳ чейин  ф.-.м.и.д., профессор К.Алымкулов жетектеп келүүдѳ. Кафедра азыркы учурда эң алгачкы кафедралардын бири болуп эсептелинет. Себеби кафедранын алкагында бир катар илимий иштер корголгон. Атап айтканда 2008-жылы Г. Гаипова, 2009-жылы А.З.Зулпукаров, 2014-жылы Ч.Абдуллаева, 2015-жылы А.Халматов, 2017-жылы Т.Э. Исаков жана 2019-жылы Ш.К.Хаитов тарабынан илимий иштер корголуп илимдин кандидаты наамына ээ болушту. Ошондой эле университет деңгээлинде уюштурула турган сессиялардын жыйынтыгы боюнча «Математика, физика жана окутуунун усулу» кафедрасы окуу-усулдук ишмердүүлүктѳр жана илимий иштердин жыйынтыктары боюнча  биринчи, экинчи орундары ээлеп келүүдө.