ТАРЫХЫ

Кафедранын кыскача тарыхы

1994-жылы К-ӨУнин   «Табигый илимдер  дисциплинасы» деген кафедра түзүлгөн. Анын жетекчиси болуп ф.м.и.к., доцент Маматурдиев Г.М. дайындалган. 1996-жылы сентябрь айынан кафедранын окуу жүктөмдөрүнүн саатынын көбөйгөнүнө байланыштуу кафедра экиге бөлүнгөн. Анын бири «Физика жана химия технологиясы» кафедрасы, аны КУВТК (Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи) биринчи проректору: х.и.к., доц. Эргешов И.Э. жетектеген.

1998-жылы сентябрдан баштап бул кафедраны п.и.к., доцент Ташходжаев Ш.А. жетектеп, андан кийин бул кафедра «Химия жана азык заттар технологиясы» кафедрасы (ХТПП) болуп  өзгөрүп (химия дисциплинасынын сааттарынын көбөйүшүнө байланыштуу), аны а.ч.и.к., доцент  Шамшиев Б.А. башкарып келген.

1999-жылы сентябрь айынан К-ӨУ нин окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Химия жана биология» кафедрасы түзүлүп, аны К-ӨУнин биринчи проректору, х.и.к., доцент Эргешов И.Э. жетектеген.

2001-жылдын 1-мартынан бул кафедраны х.и.к., доцент Мурзабаев Б.О. жетектеген. 2004-жылдын 13-сентябрынан К-ӨУ нин окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Химия жана биология» кафедрасы төмөнкү 2 кафедрага бөлүнгөн: «Жалпы химия» жана «Табигый билимдер жана окутуу усулу» кафедрасы болуп түзүлүп, К-ӨУнин окумуштуулар кеңешинин чечими менен анын жетекчиси болуп б.и.к., доцент Киргизбаев А.К. дайындалган. Кафедрада 12 мугалим эмгектенип, анын ичинен 2-мугалим илимий даражада, 5-ага окутуучу, 2-мугалим КР  эл агартуусунун мыктысы наамына ээ болгон.

2007-жылы сентябрда «География жана жалпы экология» кафедрасы ачылып, аны Камилова Л.Т. жетектеген. 2011-жылы «Табият таануу жана окутуунун усулу» жана «География жана жалпы экология» кафедралары кайрадан биригип, ал «География, биология жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталган. Аны улук окутуучу Камилова  Л.Т. жетектеген.

2013-2014 окуу жылында факультеттерди бириккендигине байланыштуу «География, биология жана окутуунун усулу» кафедрасына «Жалпы химия» кафедрасы биригип, ал «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасы деп аталып, аны азыркы күнгө чейин г.и.к., доцент Камилова Л.Т. жетектеп келе жатат.