Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнүнө карата студенттер арасында «Эң мыкты дубал газета», «Эң мыкты ыр саптар», «Эң мыкты дил баян» жана «Эң мыкты видео ролик» аталышындагы номинацияларга конкурс жарыяланган болчу. Ошондой эле, ИОУ кафедрасынын окутуучусу Арыстанбек кызы Бегимайдын демилгеси менен ата-энелер арасында «Көркөм адабий китеп окуу» конкурсу да жарыяланган болчу. Мында ата-энелерге КРнын эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Гапыр Мадаминовдун «Дасторкон четиндеги университет» аталышындагы китебин окуп, андан кийин ошол окуган китеби боюнча онлайн тест тапшыруулары айтылган.   Бул конкурс ата-энелер үчүн аябай кызыктуу болду.

 

Бүгүн, 2023-жылдын 20-февраль күнү жогорудагы конкурстардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер жана ата-энелерге ыраазылык баракчалары тапшырылды

Конкурстардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  1. «Эң мыкты ыр саптары жана дил баяны» үчүн ФМО(Ф)-1-22 тайпасынын студенти Анарбек кызы Жумакан;
  2. «Эң мыкты видео ролиги» үчүн ФМО(Ф)-1-21 тайпасынын студенти Гапиржанова Айжамал Айдаровна;
  3. «Эң мыкты дил баяны» үчүн ЕНО(Б)-1-21 тайпасынын студенти, Таалайбек кызы Бурулай;
  4. «Эң мыкты дил баяны» үчүн ЕНО(Б)-1-21 тайпасынын студенти Абдирашитова Айзирек Кодирбек кизи;
  5. «Эң мыкты дил баяны» үчүн ФМО(И)-1-21 тайпасынын студенти Бактыяр уулу Элдияр.

Ал эми ата-энелер арасындагы «Көркөм адабий китеп окуу» конкурсу боюнча тесттик суроолордон эң жогорку балл алгандар:

  1. Азизова Гулмайрам Хакимжановна (А.Мээрим);
  2. Юсупова Карамат Газыевна (Б.Мээримгул);
  3. Бадалова Чолпонай Каримовна (Азиза);
  4. Сулайманова Нургул Апазбековна (Данияр);
  5. Темир кызы Зарипа (Гулифар);
  6. Мансуров Ибодилла Мансурович (Барно);
  7. Омошова Назира Садирдиновна( Айгуля);
  8. Ажиева Айсара Тешебаевна (Аида).

Иш чаранын экинчи бөлүгүндө, жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен бирге, 23-февраль – Ата-мекенди коргоо күнүнө карата дагы факультеттин окутуучу агайларын жана студент жигиттерин куттукташып, факультеттин студент кыздары тарынан уюштурулган концерт берилди.