ТАРЫХЫ

Кафедранын кыскача тарыхы

              «Информатика жана окутуу усулу» кафедрасы 2001-2002 окуу жылынын 3 сентябрында өткөрүлгөн Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен уюштурулган. Кафедранын биринчи башчысы болуп, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ахраров Шавкат Салиевич дайындалган. 2007-жылдын 1 сентябрынан 2010-жылдын 30 августуна чейин кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты Мирзаахмедов Арабжон Мухтарович жетектеди.

2010-жылдын 1-сентябрында университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Каржы-экономика факультетинин «Экономикадагы математикалык усулдар» кафедрасы менен Физика-математика факультетинин «Информатика жана окутуунун технологиялары» кафедрасы биригип, «Информатика жана окутуунун усулу» кафедрасы аталышында болуп өзгөртүлгөн. Кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., доцент Жээнтаева Жумагүл Кенешовна шайланып, ушул күнгө чейин жетектеп келүүдө.