2023-жылдын 31-мартында Ош шаарындагы «Русский центр»,  «Русский мир» фондунун жетекчиси Мискичекова Занфира Ягсуповнанын жана Баатыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл арадык университетинин физика, математика жана окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Ш.К. Хаитовдун демилгеси менен Россия Федерациясынан келген окутуучулар тарабынан табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин, кесиптик колледждин математика, физика окутуучууларына жана студенттерине  төмөнкүдөй темаларда мастер класс сабактары өтүлдү: 1. Ганиев Шамиль Галипович «Составление контрольных работ на карточках с использованием Excel». 2. Шарипова Альфия Валитовна «Секреты быстрого устного счёта». 3. Шарипова Гюзель Валитовна «Площади многоугольников. Формула Пика». 4. Лимарь Юлия Юрьевна «Лайфхаки в преподавании физики».

Мастер класс сабактар кызыктуу маалыматтар менен коштолгондугу студенттер тарабынан берилген суроолор аркылуу тастыкталды. Физика, математика жана окутуунун усулу кафедрасы «Русский центр» жана «Русский мир» фондуна тереӊ ыраазчылыгын билдирип, ушул багытта кызматташуу иштери мындан ары улантылаарын маалымдашты.